Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

ЕБ Орусияга каршы санкциялардын сегизинчи пакетин жактырды


Еврокомссиянын баш кеңсеси. Брюссель.
Еврокомссиянын баш кеңсеси. Брюссель.

Европа Биримдиги Украинага басып киргендиги үчүн Орусияга каршы санкциялардын кезектеги сегизинчи пакетин жактырды. Анда Москваны олуттуу киреше алып келген товар сатуу булактарынан ажыратуу каралган. Атап айтканда, Орусия Федерациясынын аскердик жана технологиялык, коргонуу жана коопсуздук тармактарынын өнүгүүсүнө салым кошкон товарлардын тизмеси кеңейтилди.

Ошондой эле ал өлкөдөн металл продукциясынын, жыгач, кагаз, машина, жабдыктар, тамеки, химикаттардын ж.б. импортуна чектөө узартылат.

Жазалоочу чаралар орус Коргоо министрлигинин өкүлдөрүн, Украинанын оккупацияланган аймактарындагы жасалма референдумдарды өткөрүүгө тиешеси бар адамдарды, санкцияларды буйтап өтүүгө катышкандарды бутага алат.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен санкциялар макулдашылганын кубаттады жана Путиндин жасалма рефрендумдарын, аннексияны шаркет эч качан тааныбасын кайталады.

“Кремлдин жоопко тартылышы үчүн аракеттерди улантабыз”, - деп билдирди төрайым.

Мүчө-мамлекеттердин эч кимиси каршы чыкпаса, документ 6-октябрда биртоло кабыл алынмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG