Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:03

Министр Кулубаев элчи Жовтенко менен Украинадагы кырдаалды сүйлөштү


ТИМ.
ТИМ.

4-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолукту. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, анда тараптар күн тартибиндеги бир катар маселерди талкуулады.

"Министр Украинада тынчтыкты жана туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү маанилүү экенине токтолду. Бул кризисти эл аралык укуктун принциптери жана нормаларынын алкагында, тынчтык, саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы тууралуу Кыргызстандын өзгөрүүсүз позициясын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Соңку айларда украин күчтөрү орус күчтөрү ээлеген бир катар аймактарын бошотту.

4-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын Херсон, Луганск, Донецк, Запорожье облустарын кошуп алуу жөнүндө мыйзамдарга кол койду. Кремль жасалма референдумдарга таянып, аннексиялап алган төрт облустун бирин дагы орус армиясы толук көзөмөлдөбөйт. Эл аралык нормаларды одоно бузган Москванын кадамын Батыш катуу айыптап, дипломатиялык басым-кысымын улантууда.

Орусиянын мыйзамсыз аннексиясынан кийин Казакстандын жана Өзбекстандын бийлиги мамлекеттин суверенитети менен аймактык бүтүндүгүн сыйлоо тууралуу эл аралык нормаларды эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG