Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

ИИМ Бейшеналиев 37,5 миң долларды кайтарып бергенин билдирди


Алмазбек Бейшеналиев.
Алмазбек Бейшеналиев.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын түшүндүрдү.

Анын бөгөт чарасы 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Бейшеналиев чет элдик студенттерди Кыргызстандын окуу жайларына киргизүүгө убада берип, аларды даярдоо үчүн 100 миң доллар пара талап кылган.

"Бейшеналиев бул сумманы биринчи жолу 28-августта алган. Маселе толук чечиле элек болгондуктан бир нече убакыт өткөндөн кийин ага кайра кайрылышкан. Бул жолу Алмазбек Бейшеналиев кошумча 10 миң доллар пара талап кылган жана ошол акчаны алып жаткан учурда, 28-сентябрда колго түштү", - деп жазылган ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

ИИМдин маалыматына караганда, министр Бейшеналиев 110 миң доллар пара алган жана тергөө учурунда ал сумманын 37,5 миң долларын кайтарып берген.

"Калган сумманы жакын арада кайтарып берүүнү убада кылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Бейшеналиевдин тарапкерлери муну "чагым" деп аташкан. Министрликтин кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылып, Алмазбек Бейшеналиев реформачыл жетекчи экенин, анын ишин калыс иликтенишин камсыздап берүүнү суранышкан.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысы министрдин ишинен кабардар экенин, ар тараптуу иликтенерин билдирген.

41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев быйыл февралда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

2020-жылдын күзүндө да аталган министрликтин жетекчилигине дайындалып, алты ай башкарган. Кийин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесине туруктуу өкүл жана Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп сегиз айдай иштеген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG