Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Орусиялык ырчы Борис Моисеев көз жумду


Орусиялык ырчы Борис Моисеев.
Орусиялык ырчы Борис Моисеев.

Орусиялык ырчы Борис Моисеев 68 жашында көз жумду. Анын өлүмүнө эмне себеп болгону белгисиз. Mash Телеграм-каналы ырчы жакында эле инсульт болгонун жазды.

Моисеев он жыл мурда да инсульт алып, сол ыптасы жакшы кыймылдабай калган. Мындан улам ал акыркы жылдары сахнага чыкпай жүргөн.

Ал 1954-жылы Беларустун Могилев шаарында төрөлгөн. Апасы саясий мүдөөдөн улам камалып кеткен. Мектептен кийин хореографиялык орто окуу жайды аяктаган. Кийин ар кандай бий топторунда иштеп жүрүп, 90-жылдары жеке чыгармачылык карьерасына киришкен.

Борис Моисеев - Орусиянын эмгек сиңирген ырчысы, бир катар музыкалык сыйлыктардын лауреаты.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG