Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Сыртта жүргөн эмгек мигранттарын каттоо боюнча жаңы система түзүлүүдө


Москва. Кыргыз элчилигинин алдында кезекте тургандар. 2020-жыл.
Москва. Кыргыз элчилигинин алдында кезекте тургандар. 2020-жыл.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде сыртка иштегени кетип жаткан кыргызстандыктар боюнча атайын база түзүлүүдө. Бул тууралуу 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинде министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди:

“Кетип жаткан мигранттар боюнча биздин министрлик өзүнчө жаңы база түздүк. Ал ачык система болот. Буюрса айыл өкмөттөрү менен бирге иш алып барабыз. Система жакында ишке кирет. Айыл өкмөттөрү сыртка кетип жаткандар боюнча маалыматты киргизип турушат”.

Министрликтин соңку расмий маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстандын 1 миллион 118 миңдей жараны чет жактарда эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын 1 миллион 63 миңи Орусияда, 30 миңдейи Казакстанда, 20 миңге жакыны Түркияда, 10 миңдей кыргызстандык АКШда жана Араб өлкөлөрүндө, Түштүк Кореяда беш миңдейи иштөөдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG