Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Футбол: Кыргызстан Орусияга утулду


Кыргызстан менен Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши. Д.Өмүрзаков атындагы стадиону. Бишкек, 24-сентябрь 2022-ж.
Кыргызстан менен Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши. Д.Өмүрзаков атындагы стадиону. Бишкек, 24-сентябрь 2022-ж.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бишкекте өткөн жолдоштук беттеште Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасына жеңилди. Оюн бүгүн, 24-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, 1:2 эсебинде орусиялыктардын пайдасына аяктады.

Беттештеги алгачкы голду 25-мүнөттө Кыргызстандын чабуулчусу Алимардон Шүкүров киргизди. 30-мүнөттө орусиялык чабуулчу Александр Соболев айып тобун дарбазага таамай тээп, эсепти теңеди. Беттештин бүтөрүнө аз калганда калганда, 88-мүнөттө орусиялык жарым коргоочу Данил Уткин кыргыз курамасынын дарбазасына гол киргизип, эсепти 2:1 кылды.

Эки курама команда өз тарыхында алгачкы жолу беттешти.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы аталган оюнду 2023-жылы боло турган Азия кубогуна даярдыктын алкагында өткөрдү. Кыргызстан 2023-жылдагы Азия кубогуна быйыл июнь айында жолдомо алган.

Бишкектеги жолдоштук беттеш Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасы үчүн акыркы 10 айдан берки алгачкы оюн. 2021-жылы ноябрь айында Орусия 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарында Хорватияга жеңилгенден бери (0:1) беттеш өткөрө элек болчу. Алдыда Иран, Босния жана Герцеговина командалары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Аталган команда 2024-жылы боло турган Европа чемпионатынын тандоо оюндарына катышпай турган болду.

Август айында жарыяланган ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95, Орусия 35-орунда жайгашкан. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG