Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Жарандык активист Эрик Абдыкалыков милицияга сурак берип чыкты


Жарандык активист Эрик Абдыкалыков.
Жарандык активист Эрик Абдыкалыков.

Жарандык активист, блогер Эрик Абдыкалыков милицияга сурак берип чыкты. Ал Инстаграмдагы баракчасына жарыялаган пикири үчүн чакырылганын "Азаттыкка" билдирди. Эми ал тийиштүү экспертизадан өткөрүлөт.

Өзүнүн айтымында, ал 24-сентябрда боло турган Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттешти чек арада курман болгондорду эскерүү менен баштоону сунуштаган.

Мунун алдында активист аны ыкчам кызматкерлер машинага салып Бишкек милициясына алып кеткенин жазган. Анын жазганына караганда, ал "улут аралык кастыкты козутуу" беренесине байланыштуу кармалган болушу ыктымалдыгын айткан.


Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын билдирди.

Буга чейин Кыргызстанда социалдык түйүндөрдүн 20га жакын колдонуучусу интернетке улут аралык кастыкты козуткан агрессивдүү маалымат жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылганын Ички иштер министрлиги билдирген. Мекеменин басма сөз кызматы 23-сентябрда маалымдагандай, аларды милиция интернетте жүргүзгөн атайын мониторингдин натыйжасында аныктап, азыр териштирүү жүргүзүп жатат.

Эрик Абдыкалыков кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуя үчүн Тажикстанды айыптап, Бишкекте нааразылык акциясын өткөргөн.

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арасындагы куралдуу кагылыштан 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты. Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып чек арада каза болгон 70 адамдын тизмесин чыгарды.

20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG