Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:46

Армения менен Азербайжандын чек арасында кайрадан ок атышуу катталды


Армениянын жана Азербайжандын чек арасы. Иллюстрациялык карта.
Армениянын жана Азербайжандын чек арасы. Иллюстрациялык карта.

Армениянын жана Азербайжандын бийлиги бири-бирин ок атышуу режимин бузууга айыптады. Эки өлкөнүн Коргоо министрликтери чек арада окту биринчи каршылашкан тарап чыгарды деп билдирди. Атышууда Армения тараптан бир аскер жаракат алганы айтылды.

Армения өткөн жумадагы чек арадагы кагылышууда 207 киши курман болгонун же дайынсыз жоголгонун билдирди. Алардын арасында эки карапайым тургун бар экени маалымдалды. Андан тышкары 300дөй аскер жана бир нече жайкын тургун жарадар болгону, 20дай аскер туткунга түшкөнү Армениянын Коопсуздук кеңешинин 19-сентябрдагы жыйынында айтылды.

Азербайжандын бийлиги соңку кагылышта 79 аскерин жоготконун билдирген. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап, 15-сентябрда эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен чек арада ок атышууну токтотууну макулдашкан.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG