Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Көкбөрү жана алыш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий мелдеш катары кирди


Көкбөрү оюну.
Көкбөрү оюну.

Көкбөрү жана алыш улуттук спорту IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий мелдеш катары кирди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Мындан сырткары көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу боюнча мелдештер өтүп, аталган оюндарга кыргыз спортчулары да катышмакчы.

Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн таймаштар көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Министр Изник шаарында өтө турган таймашка кыргызстандык спортчулар даяр экенин, алар 28-сентябрда Түркияга учушарын белгиледи.

Оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышат.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.

Түркиядагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын тумары катары бөлтүрүк тандалып, ага түрк элдеринин тарыхый жери саналган - Өтүкендин аты берилди.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын белгиси ак илбирс болгон. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG