Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Баткенге жардам катары чогултулуп жаткан акча 248 млн. сомдон ашты


Каргашадан кийинки көрүнүш. Баткендин Достук айылы.
Каргашадан кийинки көрүнүш. Баткендин Достук айылы.

Кыргыз-тажик чек арасынагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 248 миллион 566 миң сомдон ашуун каражат чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги 22-сентябрда билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусунда калабада жабыркагандар үчүн чогултулуп жаткан акча азырынча сарптала элек. Каргашанын зыянын жоюуга бюджеттен да 497,6 миллион сом бөлүнгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштапкы эсептөөлөргө таянуу менен Баткенде талкаланган үйлөрдүн саны 365 экенин маалымдаган. Мындан тышкары, социалдык объектилер жана аскердик казармалар талкаланган. Чыгымды атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия эсептеп жатат.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган.

Тажикстандын бийлиги Кыргызстанды айыптап жатат.

Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 63 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Көз карандысыз булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG