Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

АКШ президенти: Путин Европаны өзөктүк курал менен коркутууда


Жо Байден Бириккен Улуттар Уюмунда. 21-сентябрь, 2022-жыл.
Жо Байден Бириккен Улуттар Уюмунда. 21-сентябрь, 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Европаны ачыктан-ачык өзөктүк курал менен коркутууда. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Байден учурда дүйнөдө эч кимге керексиз, бир адам баштаган согуш жүрүп жатат. “БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү өзүнүн коңшусуна басып кирди, суверендүү мамлекетти дүйнө картасынан чийип салганы турат. Орусия БУУнун уставдарынын негизин бузду”, – деди Байден жыйында.

АКШ президенти Орусияда жарым-жартылай мобилизация башталганын жана Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарда референдумдардын башталганын да комментарийледи. Украинанын аймактарынын Орусияга ыктымал кошулушун ал жасалма аракет деп атады.

“Путин Орусия коркунучта калганы үчүн ушундай аракеттерге барганын билдирип жатат. Бирок Орусияны эч ким коркуткан эмес. Орусиядан башка эч ким жаңжалды каалаган эмес”, – деди америкалык лидер.

Жо Байден АКШ мындан ары да Украинанын колдой бере турганын белгилеп, Вашингтон Киевге ыңгайлуу шарттарда гана согуштун аякташын каалай турганын кошумчалады. Ал Орусия НАТО мамлекеттерине кол салбашы үчүн уюмдагы өнөктөш мамлекеттер менен биргелешип иш алып барып жатканын билдирди.

Мунун алдында Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланды. Өлкө президенти Владимир Путин тийиштүү жарлыкка кол койгонун 21-сентябрда орусиялыктарга жолдогон кайрылуусунда билдирди.

Путиндин артынан эле мамлекеттик медиаларга маек курган Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын билдирди.

Владимир Путин өз кайрылуусунда мурдагы риторикаларын кайталап, бул согушка аралашкандарга мүмкүн болгон каражаттар менен, анын ичинде өзөктүк курал менен да жооп берүүгө даяр экенин айтты. Орусия Украинага 24-февралда кол салган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG