Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:12

Президент Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөрдү


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатат. 20-сентябрь, 2022-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатат. 20-сентябрь, 2022-жыл.

20-cентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга токтолду.

Жапаров 14-17-сентябрда ондогон адамдын өмүрүн алган окуяны "масштабдуу аскердик кагылышуу" деп атап, Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптады.

"Ушул жылдын 14-15 жана 16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болгондугун терең кайгыруу менен кабарлайм. Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек аралык жана жарандык объектилерге чабуул жасады. 140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды", - деди Жапаров.

Бул окуяда тилектештик жана моралдык колдоо көрсөткөндүгү үчүн БУУ системасына, өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, чек арадагы соңку окуяда жарандык жана аскердик объектилерге, мектеп, үйлөргө, чек ара тозотторуна чоң материалдык зыян келтирилгенин белгиледи.

"Тажикстан тараптын эч кандай себепсиз эле жасаган ушундай куралдуу агрессиялык жүзүкаралык акциялары бизди өтө капа кылууда, анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда эл аралык келишимдер жана милдеттенмелер түзүлгөн болчу. Биз тажик кошунабыз менен кандай гана форматта болбосун, эл аралык эрежелердин негизинде, цивилизациялуу юридикалык жолдор менен сүйлөшүү процессин улантууга даярбыз. Коңшубуздун мыйзамга каршы соңку аракеттеринин кесепетинен биздин ишенимибиз солгундап кеткендигин эске алып, биз сүйлөшүүлөрдү улантууга эл аралык, анын ичинде БУУ, Европа Кызматташтык жана коопсуздук уюму, Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму сыяктуу уюмдардын ортомчулугуна да даярбыз. Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар".

Президент Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жана өткөн жылдардагы адам өмүрүн алган окуяларды мисал келтирди. Чек араларды тактоо боюнча макулдашууларга кол коюп, аны аткарууга эки өлкө тең милдеттеме алганын айтты.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады.

Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Жапаров БУУнун уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат. Мындан сырткары бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Жапаровдун сапары кыргыз-тажик чек арасында катуу куралдуу кагылыш болгондон кийинки учурга туш келди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 59 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Курмандыктар жана жаракат алгандар, турак жайлар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 17-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирген жана президент Жапаров менен жеке жолугушууга даяр экенин айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG