Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:14

"Чырпыкка да тийгизбейт залакасын..." Жолочу акын издеген чындык


Жолочу Рысбаевдин өмүрү чыгармачылыгы эки доорго туш келди. Социализм заманында төрөлүп, көркөм чыгармачылыкка арналчу жылдарынын көбү күндөлүк тиричилик, журналисттик түйшүк менен өттү.

Адабият босогосун аттаганга чейин кара жумушта иштеп, жогорку окууну сырттан окуп бүтүрүп, чыгармачылыкка арналчу жаштык жылдарынын көбүн журналистикага уурдатып, а бирок акындык ышкы деген да кыйын, убакты-сааты болгондо көркөм чыгармаларын жазып, анысы аркылуу адабий чөйрөгө таанылып, сатирик акын катары чыккан. Ал өзүн сатирик акын деп эсептечү. Бул өнөргө өмүрүн арнаганын, бирок жазгандарына өзү да, кумир туткан устаттары Мидин менен Байдылда ыраазы болбостугун оюн-чындап ачыкка чыгарган.

Сатира

Акындын адабияттын мына ушул сейрек жанрына кайрылып калышы жеке көңүл каалоосунан чыккан эмес. Жашоо-турмушта калыстыкты, адилеттикти туу туткан, коомду ичтен ириткен кемчилик-мүчүлүштүктөргө келише албаган чынчыл адам гана сатира менен юморду баарынан жогору коёрун билчү. А негизи сатира көркөм адабияттагы көөнө формалардын бири, шылдың-какшык, куйкум тил аркылуу коомдогу терс көрүнүштөрдү келекелөө алмустактан бери келатканын көркөм сөз тарыхы айгинелеп туру.

Сатира өзү латын тилинде «satur» - “курсагы ток” дегенди түшүндүргөн. Римдиктер аркыл даамдан кошулган аралаш тамакты “сатур” деп коюшкан. Ал эми римдиктер аркыл жанрлардан кошулган куйкумдуу ырларды сатира аташкан. Таамай айтылган таасын сөз адам коомунда бийик барк-баа алып, мезгил менен атаандашып маани-мазмунун жоготпой келген. Куйкум сөздүү таланттар өзү сейрек жаралчу феномендердин бири. Ошондон катары калың калемгерлердин арасынан сатирик юморчулар өтөле аз чыгат.

Жолочу Рысбаев “Чүнчүдүм” деген ырында мына ушул жоопкерчилиги өтөле бийик жанрга кайрылып калышынын чоо-жайын кыска, так баяндап берген. “Ал жетпес ишке качырып кирип” алганын жашырбай, ага чыгармачылык өмүрүн сайганын, артынан сая түшүп, “кай бирде” эмгегинин акыбети кайтып, окурмандын ыраазылыгын алганын, кээде андайга жете албай калганын жашырбай ачыкка чыгарган. Анткен менен жазгандары Мидин менен Байдылдага анча жакпай калганын, өзүнүн деле ырларына анча деле ичи чыга бербегенин ырастап, минтип жазган:

Баштадың эле жакшы сен,

Байкасам азыр тузу кем.

Сөөл чыктыбы тилиңе,

Сөөмөйүн кезейт Мидикем.

Байкалбайт ишин кубанткан,

Барасың өтүп курактан.

Башынан алып окуйлу

Байдыкем чойду кулактан.

Башкаларды сатиранын чогуна кактаган автордун өзүнө мамилеси аябай эле катаал, минтип чыгармачылык кудурет-күчүнө ынанган талант гана баатыр айта алат.

Таранчы

Жолочу Рысбаевдин чыгармачылык кредосу, анын айланасындагыларга мамилеси, акындык-пенделик турум-турпаты “Окшоп кетет” деген ырында бар көркү менен ачылган. Чыгармада көтөрүлгөн идея, автордук ой нукура эстетикалык маани-мазмун алып, жыйынтыгында бүкүлү поэтикалык сүрөттү алдыга жайган.

Калп эмес, кептин чыны,

Кандайдыр жакшы көрөм таранчыны.

Чырпыкка да тийгизбейт залакасын,

Чымындай ичинде жок арамдыгы.

Жашаганы жапалак жаман сарай,

Жүргөнү жүдөгөн бир байкуш малай.

Кошулбайт бүркүтүңө, каргаңа да,

Коркутса уча качат үйду карай.

Талп эттирип ителгилип кыргый тебет,

Тагдырына салгандын баарын көрөт.

Отуз жыл кыш болсо да ооп кетпей,

Ошол жердин бороонуна тоңуп өлөт.

Карабай жайкы ысыктын чилдесине,

Жем ташып уядагы чүрпөсүнө.

Үпүптөн артыгыраак сыймыктанат,

Үстүндөгү жаман чаар күрмөсүнө.

Жарашпаса мейличи мактоо аган,

Жазганымды кайрадан өзүмө алам.

Эн жөнөкөй ушул чымчык,

Элеттин адамына окшоп кетет,

Эки жакка себепсиз каттабаган.

Толугу менен келтирилген ырдагы жөнөкөй бир жаныбардын жашоо-турмушу жыйынтыгында көркөм аллегориялык маани-мазмун алып кеткен, көнүмүшкө айланып калган канаттуунун тирдиги жөнөкөй бир пенденин реалдуу элесине такалып, көркөм маани-мазмун алган. Туулган жерин таштабай, анын ысык-суугуна тоңгон карапайым пенденин эрдикке тете турмушу башкаларды ойлонтпойт деле. Кичинекей боз чымчык уясынан талпынып учуп чыккандан кийинки турмушун көзгө тааныш көрүнүштөр арасында өткөрөт, суук түшөргө чукул ысык жерлерге учуп кетпейт. Бактысын башка жерден издебейт. Иши кылып, Ж.Рысбаевдин мына бул чыгармасы оголе көп ассоциацияларды жаратып иет, нукура менен асылдыктын тамыры кайда экенин, туулган жерине бекем чырмалышкан тагдыр жолунун ысык-суугу, жайдары жели менен бороону кан-жанына биротоло сиңип кетишин акын кыябына келтирип таранчы аркылуу элестүү, ынанымдуу чагылдырып берген.

Заман

Азыркы учур, демократия заманы Рысбаевдин дагы бир тамсилинде козголгон, жаныбарлардын жашоо-турмушу ушунчалык так, ынанымдуу, анан да элестүү баяндалган. Тамсилчини токойдогу жаныбарлардын башчысы Арстанга кадимки балпайган кара аюу баштап кирет. Арстан тамсилчиге момундай акыл айтат:

Ээ жүргөн эме окшойт.
Эптеп эле күн көрүп.
–Баскын?!–деп ээрчитип.
Башымды жерге ийгизди.
Акырын ачып эшигин,
Арстанга ошол киргизди.
Арстакеңдин үнү чыкканда күрүлдөп.
Бүжүрөп туруп бердим.
Бүткөн боюм дүрүлдөп.
–Ии, Ырыспайып!
Жолугуштукпу буюруп ырыс кайып!
Билем...
Талантың бар.
Таза жазасың тамсилди!
Бирок,
Тамсил жазган мезгил,
Такыр азыр эскирди!
Алдууну–Арстан!
Коркокту–Коен,
Макоону–Эшек!–деп,
Таң калтыра албайсың эч кимди!
Эгемендүүлүк, эркиндикти алдыңар.
Коюндагы билетти,
Колтугуңарга катып,
Партократтан,
Демократ боло калдыңар.
Билдирерим эми,
Биздин айбандарды жайына койгун.
Сөз эркиндигиңер бар,
Өч албас сенден,
Өздөрүн–
Өз аттары менен сойгун.
Түшүндүңбү?!–
Түз келип жүрбөсөң саламга!
Илдирип алып Бүркүткө,
Ишиңди өткөрүп берем!–деди–Каманга!

Ушул эле тема автордун “Кыйнообу же сыйлообу?” сатирасында кийинки жылдары өзгөчө оожалып кеткен ашкере ысырапкорчулук, жайнаган дасторконго толгон тойлор сынга алынган. Автор а дегенде эле аябай жардымын деген калктын бапыратып той өткөрүп, ал жерде оңор эмес акчалар алыш-беришке кеткенин, бардык жерде топураган көпчүлүк тойго келип, кулак жарган музыка, кайталанма тосттордон башы чыкпай калганын белгилеп, момундай сүрөттү алдыга жаят. Алты жүз адам батчу ат чабым залда “тамадасы бакырып, музыкасы мууздагандай чаңырып, “койгулашып төштөрүн, кооз сөздөр” башталып “төрт жүзүнчү сүйлөгөндө биринчини кайталап, таман астың так төбөңдө айланат”.

Тазалык

Рысбаев сезим кылдарын черткен назик лириканын да чебери болчу. Анысын акындын “Кар” деген ыры далилдеп турат. Табияттын дагы бир керемети күздүн кышка орун бошотушунун элестүү сүрөтү бул:

Апамдын элегиндей,
Ун элеген.
Аппак кар түшүп жатат себелеген.
Сулуунун жоолугундай үлпүлдөгү ай!
Суктанып карап турам тереземен.

Элди билбейм,
Менде мындай түшүнүк.
Ак булуттар үстүбүзгө үзүлүп.
Калкыбызга жаткандай,
Калпактардын кийиздерин түшүрүп.
Тоо да таза,
Ой да таза бу күнү.
Бантик байлап,
Бак-дарактар үкүлүү.
Аттаттырбай эшик алдын толтурду.
Асманыңдын бизге берген түшүмү.

Улут адабиятында өз орду бар жупуну жашап, өзү билген чындыкты тартынбай айтып, жазып өткөн чынчыл калемгер акка моюн сунду. Мезгилдүү басма сөздөгү маектеринин биринде ал чыгармачылыгы, эгемендик замандагы абалы тууралуу агынан жарылып мындай оюн алдыга жайган:

“Албетте, биз өзүбүздү мактабайбыз, адабиятка кирди-чыкты эмес, фанат болуп калганбыз. Бир күндө бир-эки ыр жазбасак бир нерсе жоготкондой болобуз. Мен 1970-жылдан бери чыгармачылык менен аралашып келатам. Даңкым, атагым алыска кетсе экен деп ойлобойм. Азыр даңкым чыкпайт, кайра түшүп калды. Бир жерге барып, "мен жазуучумун" дегенден да уялам. А байкуш сен деле жашап жүргөн турбайсыңбы деп айтышат. Андан көрө бизнесменмин, баймын десең төргө өткөрүшөт. Кесип болгондон кийин чыгармачылык кан менен кошо аралашып калыптыр. Жазып, китебиң чыкса өзүңдөн кубат алып каласың”.

Жупуну жашап өткөн чынчыл акындын ондон ашык ыр жыйнактары чыккан, өкмөт тарабынан ага Кыргыз эл акыны наамын беришкен, татыктуу бааны ал көзү тирүүсүндө алып калды. Ушул жагдай алышкан оорудан азхап чеккен акынга азыноолок канимет берген болуу керек.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG