Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:16

Алимбаев: Кыргызстандын эки аскер кызматкери дайынсыз болууда 


Баткен, Арка акылы.
Баткен, Арка акылы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан кийин Кыргызстандын эки аскер кызматкери дайынсыз болууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 19-сентябрда "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Бүгүн Тажикстандан төрт аскерибизди барымтадан бошотуп алып келдик. Учурда дагы эки аскерибиз дайынсыз болууда".

Алимбаев дайынсыз аскерлердин кайсы күч түзүмүнөн экенин ачыктаган жок. Чек ара жаңжалдарынын баары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы толук такталып бүтпөй жатканынан улам чыгып жатканын белгиледи.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан 14-17-сентябрь күндөрү Кыргызстандан 40 аскер кызматкери курман болуп, 70тен ашууну түрдүү жаракат алган. Бир нече аскер кызматкери дайынсыз жоголгону кабарланган.

Кыргызстан бүгүн, 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында каза болгон жарандарын жоктоп, аза күттү.

Соңку расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрь күндөрү бери дегенде 59 кыргызстандык мерт болду, алардын кыркы аскер кызматкерлери экени айтылды, чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда Дүйшөмбүдөгү брифингде 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Имоми каза тапкандардын канчоосу аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.

Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын санын биринчи жолу расмий жарыялады.

Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG