Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Баткенге 700 тонна гуманитардык жардам жеткирилди


Спорт сарайында чогултулуп жаткан жардам. Бишкек. 18-сентябрь, 2022-жыл.
Спорт сарайында чогултулуп жаткан жардам. Бишкек. 18-сентябрь, 2022-жыл.

19-сентябрь, саат 21:00гө карата алынган маалымат боюнча, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган кыргызстандыктарга жалпысынан 700 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Анын ичинде тамак-аш, кийим-кече, жууркан-төшөнчүлөр, гигиеналык каражаттар жана башка күнүмдүк керектүү буюмдар бар.

Гуманитардык жардам чогултуу Бишкек шаарындагы Спорт ордосунда ачылган республикалык штабда жана ар облус борборунда жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда жалпы Кыргызстан боюнча 188 жерде жардам чогултуу түйүнү ачылган.

Каржы министрлиги 19-сентябрдын саат 17:30га карата куралдуу кол салуудан жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке элден келип түшкөн акча 70,5 млн. сомго чукулдаганын маалымдады.

Соңку расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрь күндөрү бери дегенде 59 кыргызстандык мерт болду, алардын кыркы аскер кызматкерлери экени айтылды, чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Түрдүү жаракат алгандардын саны 164 адамга жеткен, алардын 12си балдар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда Дүйшөмбүдөгү брифингде 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Имоми каза тапкандардын канчоосу аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.

Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын санын биринчи жолу расмий жарыялады.

Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG