Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Чоң-Алайдагы жана Баткендеги чек ара тилкесинде абалды турукташтыруу уланууда


Баткен шаарындагы өрттөнгөн үй.
Баткен шаарындагы өрттөнгөн үй.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, 18-сентябрь саат 22:30гө карай кыргыз-тажик чек арасынын Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде абалды турукташтыруу уланганы менен кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат.

Маалыматка ылайык, жетишилген макулдашуулардын алкагында мамлекеттик чек ара сызыгындагы кошумча күч туруктуу жайгашкан пункттарына чыгарылып жатат.

Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдары чек ара аймактарында коомдук тартипти көзөмөлдөп, Хужанд-Канибадам-Арка-Борбордук автожолунда биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүдө. Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 59 адамга жетти, алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. 144 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда. 140 миңден ашуун адам Баткен жана Ош облусунан эвакуацияланды.

Жекшембиде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG