Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:57

Президенттин басма сөз кызматы Жапаров кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирди


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды көзөмөлдөп жатканын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында жазды. Ал Жапаров чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү көрсөтмөлөрдү берип, бардык маалыматтарды алып жатканын билдирди.

“Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен ар кандай деңгээлдеги жаракат алгандарга зарыл жардам көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Өзгөчө оор абалдагылар Бишкек жана Ош шаарларындагы медициналык мекемелерге аба транспорту жана унаалар менен которулууда. Мезгил-мезгили менен тажикстандык аскер кызматкерлери тарабынан аткылоо жүргүзүлүүдө. Ошого карабастан жалпы күч-аракеттер менен аткылоону толук токтотууга жана маселени тынчтык жол менен чечүүгө аракет көрүлүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 21:00гө карата Оштун Чоң-Алай районунда, Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын маалымдаган.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, саат 19:00дө Чоң-Алайдын Карамык аймагында кыргыз чек арачыларын аткылоо токтотулду. Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчилери “Гулистон” (Тажикстан) бекетинде жолугушту. Азырынча анын жыйынтыгы маалымдалган жок.

Саламаттык сактоо министрлигининн акыркы маалыматына караганда, чек арадагы куралдуу кагылышта 129 адам жараат алган.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында башталган куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.

Тажик бийлиги кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон кагылышууларда тажик тарапта 39 киши мерт болгонун, алардын арасында жайкын тургундар бар экенин жазды. Тажик бийлиги муну ырастап же четке кага элек.

Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG