Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:19

Дүйнө чемпионаты: Эрназар Акматалиев коло медал үчүн күрөшөт


Эрназар Акматалиев. Архивдик сүрөт.
Эрназар Акматалиев. Архивдик сүрөт.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев коло медал үчүн күрөшөт. Беттеш 16-сентябрда болот.

15-сентябрда 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев жарым финалга чейин жетип, жапониялык балбан Тайши Нарикуниге 10:10 эсебинде утулуп калды. Акыркы ыкманы Нарикуни жасагандыктан жеңиш ага берилди. Акматалиев ага чейин 1/8 финалда молдовалык Максим Сакултанды (14-2), чейрек финалда болгариялык Рамазан Рамазановду (11-0) мөөнөтүнөн мурда жеңген.

15-сентябрда кыргызстандык дагы бир балбан, 79 килограмм салмакта күрөшкөн Арсалан Будажапов күч сынашты. Ал 1/16 финалда франциялык Сайфедин Алекманы (2-2), 1/8 финалда тажистандык Шухрат Бозоровду (10-0) уткан. 1/4 финалда АКШлык Эрнест Жордандан (10-0) утулуп каршылашы финалга чыкты. Арсалан Будажапов 16-сентябрда көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Аны утса коло байге үчүн күрөшөт.

24 жаштагы Эрназар Акматалиев 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган. Ушул эле жылы Сербиянын Белград шаарында болгон күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиону аталган.

Жаштар арасындагы Азия чемпионатында (2018-жыл) жана 2022-жылы апрель айында Монголиянын Улан-Батор шаарында болгон күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпионатында күмүш медал тагынган. 2021-жылы Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарына катышкан. Ушул жылдын август айында Түркияда өткөн V Ислам шериктештиги оюндарында алтын байге алган.

29 жаштагы Арсалан Будажапов 2020-жылдагы Азия чемпиону. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү) Дүйнө чемпионаты 18-сентябрга чейин уланат.

11-сентябрда Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта, 13-сентябрда Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта алтын алган. Грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов коло тагынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG