Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:56

АКШда Орусияны терроризмдин демөөрчүсү деп таануу боюнча долбоор сунушталды


Ричард Блюменталь жана Линдси Грэм. Украина, 7-июль, 2022-жыл.
Ричард Блюменталь жана Линдси Грэм. Украина, 7-июль, 2022-жыл.

Америка Кошмо Штаттарынын Сенатынын эки мүчөсү - демократтардан Ричард Блюменталь жана республикачылардан Линдси Грэм Орусияны терроризмдин демөөрчүсү деп таануу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Документ АКШ Конгрессинин жогорку палатасына сунушталды.

Сенаторлор басма сөз жыйынында долбоор Украинада карапайым адамдардын өлтүрүлүшүнө жана башка ырайымсыздыкка байланыштуу жазылганын билдиришти. Конгрессте добуш берүү качан болору азырынча айтыла элек.

Буга чейин АКШ Сенаты президент Жо Байдендин администрациясын Орусияга терроризмдин демөөрчүсү деген макам берүүгө чакырган резолюция кабыл алган.

Сентябрь айынын башында Жо Байден Орусияны терроризмдин демөөрчүсү деп таанууга каршы чыккан. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусияга ансыз деле мурда болуп көрбөгөндөй катаал санкциялар киргизилгенин айткан. Чечимди Сенат менен Конгресс өздөрү кабыл ала албайт. Бул Жо Байдендин администрациясынын компетенциясына кирет.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо АКШ Орусияны терроризмдин демөөрчүсү деп тапса, эки өлкөнүн мамилеси үзүлөрүн билдирген.

Украина жана Батыштын айрым өлкөлөрү Вашингтонду Орусиянын Украинага агрессиясы үчүн расмий түрдө терроризмди колдогон өлкөлөрдүн катарына кошууга чакырып келишет. АКШнын тизмесинде терроризмдин демөөрчүсү деп таанылган төрт мамлекет бар. Алар: Куба, Иран, Сирия жана Түндүк Корея.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG