Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Чек ара чатагында жараат алган 11 жаштагы баланын абалы орточо оор экени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт. Баткен.
Иллюстрациялык сүрөт. Баткен.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдады. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда.

Министрлик чек арадагы ок атышуудан жараат алган башка эки жай тургундун абалы жөнүндө да саат 21:00гө карата маалымат берди. Ага ылайык, 21 жаштагы жаран октон башынан жараат алган. Абалы орточо оор. 31 жаштагы тургундун ичине ок тийген. Анын абалы өтө оор деп бааланып, операция жасалууда.

Бейтаптар Лейлек райондук ооруканасында жатышат. Баткен облустук медицина мекемелери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Бишкек кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Кыргызстан тараптан беш адам жараат алганын, алардын экөө аскер кызматкери, үчөө жай тургундар экенин кабарлады.

“Азаттыктын” тажик кызматы 14-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон атышууда эки тажик аскери набыт болуп, 11 адам жараат алганын жазды. Маалыматка караганда, жараат алгандардын ичинен алтоо чек арачы, бешөө жай тургундар. Алардын баары ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде Булак-Башыда, Как-Сай жана Паскы-Арык аймагында ар кайсы убакта ок атылды.

Мекеменин маалыматында эртең мененки саат 08:10 чамасында Булак-Башыдагы тактала элек аймакка (“Капчыгай” чек ара бекетинин аймагы) Тажикстандын “Кех” бекетинин чек арачылары куралчан кирип келген. Алар чыгып кетүү тууралуу талапка баш ийбегендиктен кыргыз тарап эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарган, андан кийин ортодо атышуу башталганын, “тажик чек арачылары миномет” колдонгон.

“Озоди” радиосу 14-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон атышууда эки тажик аскери набыт болуп, 11 адам жаракат алганын ар кайсы булактарга таянып жазды. Маалыматка караганда, жаракат алгандардын ичинен алтоо чек арачылар, бешөө жайкын тургундар. Алардын баары ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Тажикстандагы “Ховар” маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып, Булак-Башыда “кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарганын, кошумча күч жана каражат алып келгенин” жазган.

Тажик бийлиги соңку чатак боюнча расмий комментарий бере элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG