Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:33

Армения чек ара чырында каза болгондор 105 кишиге жеткенин билдирди


Азербайжан менен Армениянын жана Тоолуу Карабактын картасы.
Азербайжан менен Армениянын жана Тоолуу Карабактын картасы.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян азери-армян чек арасында болгон акыркы куралдуу кагылышууда Армения тараптан 105 адам каза тапканын билдирди. Бул тууралуу ал 14-сентябрда парламенттин жыйынында айтканын “Азаттыктын” армян кызматы жазды.

Никол Пашинян 13-сентябрда чек ара чырында кеминде 49 киши өлгөнүн кабарлаган.

Парламенттин төрагасы Ален Симонян каза болгондордун арасында жайкын тургундар да бар экенин айтты. Бирок премьер-министр бул маалыматты тактай элек.

“Атышуунун жыйынтыгында алты жайкын тургун жабыркап, алардын төртөө ооруканаларда дарыланууда”, - деп билдирди Армениянын Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Азербайжан менен Армениянын чек арасында абал 13-сентябрга караган түнү курчуган. Азербайжан андан 50 аскери набыт болгонун билдирди. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап жатат.

Азери-армян чек арасындагы акыркы окуяга байланыштуу 13-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, ЖККУнун миссиясын Арменияга жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Бир катар эл аралык уюмдар менен Европа өлкөлөрү Азербайжан менен Арменияны ок атууну токтотуп, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырууда.

Расмий Баку акыркы эки күндө каза болгон 100гө жакын армян аскеринин сөөгүн Ереванга өткөрүп берүүгө даяр экенин кабарлады.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG