Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Дүйнө чемпионатында балбан Амантур Исмаилов коло байге алды


Амантур Исмаилов.
Амантур Исмаилов.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов коло байге алды. 12-сентябрда кыргызстандык балбан грузиялык атаандашы Жони Хецурианини 17:8 менен мөөнөтүнөн мурда утту.

24 жаштагы Амантур Исмаилов Азия оюндарынын (2018-жыл) жана Азия чемпионатынын (2021-жыл) коло байгесинин ээси. Быйыл август айында Түркиянын Конья шаарында өткөн V Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медаль тагынган.

Ушуну менен Кыргызстандын балбандары Дүйнө чемпионатында эки медаль алды. 11-сентябрда Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта венгриялык Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, Дүйнө чемпиону болгон.

Күрөш боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү) Дүйнө чемпионаты 18-сентябрга чейин уланат. Кыргызстандан бул мелдешке 15 спортчу катышууда.

Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 13-сентябрда финалдык беттеште болгариялык балбан Эдмонд Армен Назарян менен күрөшөт.

Ушул эле күнү кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта балбан кыз Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күч сынашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG