Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Украин армиясы Балаклея шаарын толук көзөмөлгө алганын жарыялады


Балаклея. Украин күчтөрү. 10-сентябрь, 2022-жыл.
Балаклея. Украин күчтөрү. 10-сентябрь, 2022-жыл.

Украинанын армиясы контрчабуулдун натыйжасында Харьковдун түндүк-чыгышындагы Балаклея шаарына толук көзөмөлүн орнотту.
Расмий Киев 10-сентябрда Telegram каналы аркылуу Балаклеяда украин туусу илинип, аскерлер Купянскиге киргенин, Лисичанскинин босогосунда турганын, Лиман үчүн салгылашуу уланып жатканын билдирди.


Мындай билдирүү Орусиянын Коргоо министрлиги украин тарап контрчабуул баштагандан бери биринчи жолу эки багыт боюнча өз күчтөрүн чыгара баштаганын жарыялагандан кийин жасалды.

Орус Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков аскерлер Балаклея жана Изюм районунан Донецк облусуна жибериле турганын айткан.

Бул кадамды "атайын аскердик операциянын максатына жетүү үчүн Донецк багытында аракеттерди күчөтүү" катары түшүндүргөн.

Украинанын Коопсуздук кызматы буга чейин өз армиясы Харьков облусундагы Купянск шаарына киргенин маалымдаган.

Харьковдон 120 чакырым алыстыкта жайгашкан Купянск шаары Украинанын чыгышындагы транспорттук түйүн болуп саналат, Донбасстагы орусиялык күчтөрдү жабдуу үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Орусия Украинага быйыл февралдын аягында басып кирген. Июлда Харьковду оккупациялагандан кийин украин армиясы бошотуу аракеттерин баштаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин билдирүүсүндө, өлкөнүн күчтөрү жалпы 2000 квадрат километрдей аймакты бошотту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG