Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:06

Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги көмүр казуу иши менен таанышты


Кара-Кече.
Кара-Кече.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Кече көмүр кенинин иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жапаров көмүр кенинин "Борбордук" участкасында болуп, өндүрүштүк иштерди толук көлөмдө жүргүзүүнү, көмүр менен калкты үзгүлтүксүз камсыз кылууну тапшырды.

"Алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык кынтыксыз болушу керек. Бекитилген план боюнча, "Кыргызкөмүр" ишканасы 2 677,0 миң тонна көмүр өндүрүп, камдашы зарыл. Мындан тышкары, карьерде коопсуздук эрежелерин сактоо, тоо-тек үймөгүнүн кесепетинен кырсыкка жол бербөө маанилүү. Бул багытта “Кумтөр” ишканасынын тажрыйбасын пайдалансаңыздар болот, биз тиешелүү байкоочу шаймандарды сатып алууга каражат бөлүүгө даярбыз" , - деди Акылбек Жапаров.

Маалыматта 1-августтан тартып Бишкек шаарынын ЖЭБине, ошондой эле калкка, бюджеттик мекемелерге көмүр ташыла баштаганы белгиленген. Ишкана күнүнө 5,5 миң тоннага жакын көмүр жүктөп жатат.

Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштайт. 2021-жылы көмүрдүн баасы жогорулап, октябрь айында Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркына мамлекеттик жөнгө салууну киргизген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG