Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

ФИФА футболго киргизилбей калган аялдар боюнча Иранга кат жолдоду


Азади стадиону. Тегеран, 10-октябрь, 2019-жыл.
Азади стадиону. Тегеран, 10-октябрь, 2019-жыл.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) дисциплинардык комитети Ирандын футбол федерациясына кат жолдоду.

Анда ушул жылдын март айында Ирандын түндүк-чыгышында Иран жана Ливандын командаларынын беттешине аялдардын киришине эмне себептен тыюу салынганына түшүндүрмө берүү талабы жазылган.

Ирандын бийлиги дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында 29-мартта Ливан менен болгон беттешке аялдарга 2000дей билет берген. Бирок Мешхеддеги Имам Реза стадионуна келген аял күйөрмандар киргизилген эмес.

1979-жылкы Ислам революциясынан көп өтпөй өлкөдө аялдарга стадиондорго барып эркектердин спорт мелдештерин көрүүгө тыюу салынган. ФИФАнын кысымынан кийин гана 2019-жылы аялдарга стадиондон эркектердин футбол беттешин көрүүгө уруксат берилген.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG