Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

"Британ ханышасынын Кыргызстанга кызыгуусу аябай таң калтырган"


Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова.
Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, Улуу Британиядагы экс-элчи Бактыгүл Каламбекова британ ханышасынын мурасы жана аны менен жолугушуусу тууралуу "Азаттыкка" кеп курду.

"Азаттык": Елизавета II 96 жашында көз жумду. Ал Британиянын эң узакка тактыда отурган ханышасы болду. Анын Британиядагы, деги эле дүйнөлүк аренадагы ордун, салмагын, мурасын сиз кандай мүнөздөйсүз?

Бактыгүл Каламбекова: Бул, албетте, бир эле Улуу Британия үчүн эмес жалпы эл аралык коомчулук үчүн оор жоготуу. Елизавета бир гана өзүнүн өлкөсү жана мурда Британ империясынын курамына кирген мамлекеттер шериктештигинин гана эмес, жалпы дүйнөлүк тарыхтын күбөсү катары саясий мурасы өтө бай, өтө чоң.

96 жашка келсе да өз кызматында туруп кетти. Эки күн мурда эле Британиянын он бешинчи өкмөт башчысы Лиз Трассты кабыл алып, ага ак батасын берип кетүүгө үлгүрдү. Буга байланыштуу мен британ элине өзүмдүн атымдан, кесиптештеримдин атынан кайгыруу менен көңүл айтам.

Бул киши тактыга отургандан бери глобалдык, дүйнөлүк масштабда кандай гана ири өзгөрүүлөр болду. Елизавета II эң чоң, эң бай китепканадай болчу.

"Азаттык": Сиз 2011-жылы Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси кызматына киришкениңизде Елизавета II менен жолугуп, ага ишеним грамотасын тапшыргансыз. Сизге кандай таасир калтырган? Кыргызстан жөнүндө кандай маалыматы бар эле?

Бактыгүл Каламбекова: Мен 2010-жылдын күзүндө бардым. Британиядагы салт боюнча ханыша жылына эки жолу чет өлкөлүк элчилерди кабыл алат. Ошондуктан ишеним катты 2011-жылдын февраль айында тапшыргам. Протокол боюнча ишеним катты тапшырып, бир аз баарлашканга 15 мүнөт бөлүнөт экен. Бирок менде ханыша менен 35 мүнөт сүйлөшүп отурууга мүмкүнчүлүк болду.

Кирип баратканда ар бир адам толкунданат. Анын алдында мага «өзүңүздүн чоң энеңизге кирип бараткандай эле сезиңиз» деп айтышты. Чын эле чоң энедей мээримдүү, абдан жөнөкөйлүгү менен айырмаланган инсан экен.

Мен ал кабыл алып жаткан 3327-элчи болуптурмун. Бул кишинин тушунда Кошмо Штаттардын 16 президенти алмашыптыр. Канчалаган лидерлерди көрсө да жөнөкөйлүгү менен айырмаланып, мага эле эмес, кичинекей болсо да дүйнөлүк масштабда тааныла баштаган Кыргызстанга сый мамилеси, кызыгуусу аябай таң калтырган.

Ошондой бир аз өзгөчө атмосферада ишеним катты тапшыруу менен мен ал кишинин сөзүн угуу, көзүн көрүү бактысына туш болгом. Кыргызстан жөнүндө кеңири маалыматы бар экен.

"Азаттык": Өзүңүз белгилегендей, Елизавета II жетимиш жылдан ашуун тактыда отурган мезгилинде 15 британ премьер-министри менен иштешти. Жүздөгөн дүйнө лидери менен жолугушуп, нечендеген өлкөлөрдү кыдырды. Ал дүйнө лидерлерине эмнеси менен үлгү боло алды?

Бактыгүл Каламбекова: Мен Британияда элчи болуп иштеп жатканымда ханышанын бриллиант юбилейине туш келдим. Ошондо британдыктар гана эмес, шериктештикке кирген мамлекеттердин жарандары да Елизаветага ыраазычылыгын билдирип турушту. Менимче бул киши башка лидерлерге элине, жерине кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөттү. Өзүнүн айтуусу боюнча бул жупуну кызмат болчу.

Елизавета II Виндзор сарайындагы иш-чарада, 23-март 2022-жыл.
Елизавета II Виндзор сарайындагы иш-чарада, 23-март 2022-жыл.

"Азаттык": Елизавета II дүйнөдөгү эң таанымал монарх экени белгилүү. Британияда нечедеген муун андан башка монархты билбейт. Анын уулу Чарльз тактыны эң узакка күткөн ханзаада болду окшойт. Елизавета II дүйнө салган соң британ монархиясынын, деги эле Виндзор үй-бүлөсүнүн бир доору аяктады деп айтса болобу? Британ падышалык үй-бүлөсүн эмне күтөт?

Бактыгүл Каламбекова: Елизавета II көзү өткөндөн кийин Чарльз падыша болду. Конституциялык монархия уланат. Кескин өзгөрүүлөр болот деп күтпөйм. Чарльз төрөлгөндөн бери тактыга мураскер болуп тизмеде биринчи турду. Өзүңөр билгендей падышалык үй-бүлөнүн ар биринин өзүнүн милдеттери болот. Чарльз да өзүнө берилген ыйгарым укуктарынын чегинде ханышанын тапшырмаларын аткарып, монархияга кызмат кылып келди.

Елизавета II дүйнөдөн кайтышы менен Виндзорлордун үй-бүлөсү эки жакка таркап кетет же башка бир нерсе болуп кетет деп айтуудан алысмын. Албетте, Елизавета менен бир доор өттү. Жетимиш жыл башкаруу бул дүйнөлүк тарыхтын жетимиш жылдык бөлүгүнө күбө болуу. Британ ханышасынын саясий мурасы көптөгөн муундарга үлгү боло турган, изилдей турган мурас.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG