Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

Улуу Британия: Меган агынан жарылды


Телемаек учурунда тартылган сүрөт. Берүү АКШда 2021-жылы 7-мартта обого чыкты.
Телемаек учурунда тартылган сүрөт. Берүү АКШда 2021-жылы 7-мартта обого чыкты.

Бир жыл мурда падышалык үй-бүлө мүчөсү макамынан баш тартышкан британ канзаадасы Гарри жана анын жубайы Меган  Маркл америкалык сыналгы берүүсүн алып баруучу Опра Уинфри менен маекте ымандай сырын ачып, агынан жарылышты. 

Үч жыл мурун Гарриге турмушка чыккан америкалык актриса, 39 жаштагы Меган Букингем сарайында кысымга дуушар болуп, өз жанын кыюу тууралуу ойлонгонун, тун уулу Арчинин коопсуздугу үчүн камтама болгонун бөлүштү.

Ал кош бойлуу кезинде падышалык үй-бүлөдө кара түстүү энеден төрөлө турган баланын өңү тууралуу кеп кылышканын ачыктады.

«Менин боюмда бар кезде айланамда баары бирдей эле балага канзаада деген титул берилбестигин, анын жеке коопсуздугу үчүн шарттар каралбастыгын айтып, талкуулап жатышты. Ымыркайдын түсү канчалык кара болот деген сөздөр да болду», - деди Меган.

Канзаада Гарри менен Меган мындай сөздөр падышалык үй-бүлөдө ким тарабынан айтылганын ачыкташкан жок. Гарри мындай сөздөрдү алгач укканда чындап нес болгонун жашырбады.

2019-жылы 8-майда Арчи төрөлгөндө тартылган сүрөт.
2019-жылы 8-майда Арчи төрөлгөндө тартылган сүрөт.

Маркл британ канышасы Элизабет II өзүнө жакшы мамиле кылганын, бирок, башка мүчөлөрүн калкалаган падышалык үй-бүлө аны медиа менен Букингем сарайындагы чабуулдардан, жалган кеп-cөздөн коргош үчүн эч нерсе кылбаганын айтып чыкты.

Ал чыныгы үйлөнүү тою 2018-жылдын 16-майында болгонун, ага үй-бүлө мүчөлөрү катышпаганын баса белгилеп, ал эми үч күндөн кийин Лондондун чет жакасындагы Ыйык Жорж чиркөөсүндөгү миллиондогон адамдар түз эфир аркылуу күбө болгон иш-чараны «шоу» деп атады.

Тойдон кийин Меганга өз алдынча билдирүү жасоого тыюу салынып, ар бир кадамы көзөмөлдөнүп, паспорт, банк карталары жеке колдонуудан алынган.

«Менин жашагым келбей калган. Ачык, реалдуу жана коркунучтуу ой дайыма ээрчип калган», - деп эскерет Меган тойдон кийинки хансарайдагы жашоону.

Ал жардам алууга ооруканага кайрылууну чечкенин, бирок, хансарайда мындай кабар коомдо чуу жаратаарын айтып, буга уруксат бербей коюшканын да кошумчалайт.

Үйлөнүү тоюнда. Виндзор сепили, Улуу Британия. 2018-жылдын 19-майы.
Үйлөнүү тоюнда. Виндзор сепили, Улуу Британия. 2018-жылдын 19-майы.

Ал эми канзаада Гарри Букингем сарайында апасы, маркум канайым Диананын тагдыры кайрадан кайталанып жатканын элестеткенине, жубайынын абалы расалык басмырлоодон жана соцмедиадагы чабуулдардан начарлаганына токтолгон.

Ал үй-бүлөсүнө бир нече ирет кайрылып, жардам ала албаганын, кийин атасы, Уэльс канзаадасы Чарльз телефон чалууларга жооп бербей да калганын баса белгилейт.

«Мен чынында аябай жапа чектим. Ал буга окшош окуяны башынан өткөргөн. Жүрөк кандай сыздаарын билет. Арчи - анын небереси. Албетте, мен аны жакшы көрөм. Мен аны жакшы көрө берем. Бирок, жүрөк ооруткан көп нерсе болду»,- дейт Гарри атасы Чарльз тууралуу.

Канзаада Букингем сарайындагы жашоону «тузак» деп сүрөттөгөн. Ал жубайы менен уулун алып чыгып кетүүнү, падышалык үй-бүлө мүчөсү макамынан баш тартууну көпкө ойлонгонун, чоң энеси – британ канайымы Элизабет менен да кеңешкенин кошумчалайт.

Британ канышасы Элизабет II жана күйөөсү, канзаада Филипп. 2018-жылдын 19-майы.
Британ канышасы Элизабет II жана күйөөсү, канзаада Филипп. 2018-жылдын 19-майы.

Улуу Британиянын канзаадасы Гарри жана жубайы Меган Марклдын айтылуу сыналгы алып баруучу Опра Уинфри айым менен эки сааттык маеги жекшембиде, 7-мартта CBS каналынан көрсөтүлдү (бул берүүнүн башталышы Бишкек убактысы менен 8-мартта таңкы саат 07:00ге туура келди).

Букингем хансарайындагы расалык көз караштар, кысым, Мегандын өзүнүн жанын өзү кыйгысы келген учуру тууралуу маек коомчулукта бир топ кызуу талкуу жаратты.

Британдык «The Times» гезити хансарайдагы булакка таянып, жубайлардын билдирүүлөрүн «падышанын үй-бүлөсүнө каршы жарыяланган согуш» деп баалады.

Ал эми бийликтеги консерваторлор партиясынын мыйзамчысы Зак Голдсмит "Твиттердеги" барагында "Гарри жөн гана "Букингем сарайына" каршы чыккан жок. Ал өз үй-бүлөсүнө каршы чыкты. Меган эмнени каалады эле, ошого жетип алды", - деп ачуулана жазды.

Премьер-министр Борис Жонсон болсо бул маек тууралуу өз оюн айтуудан ачык эле баш тартып, канышаны Улуу Британияны жана жалпы Британдык Шериктештикти ынтымакка, биримдикке чакырган ролу үчүн өзгөчө урматтап келээрин кошумчалай кетти.

Гарри менен Меган былтыр январда расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, каржылык көз карандысыздык жарыялашкан жана АКШга көчүп кетишкен. Алар Сассекс герцогу жана герцогинясы деген титулдарын сактап калышкан.

Ал окуя маалында британ канышасы Элизабет II небереси Гарри менен небере келини Мегандын өз алдынча жашоону каалаганын колдоп, батасын берген.

93 жаштагы канышанын билдирүсүндө: «Менин үй-бүлөм жана мен Гарри менен Мегандын жаш үй-бүлө катары жаңы турмуш түзгүсү келээрин толук колдойбуз… алардын өз алдынча жашоого умтулушун урматтайбыз жана түшүнөбүз», - деп жазылган.

36 жаштагы Гарри канзаада Чарльз менен маркум канайым Диананын Уильямдан кийинки экинчи уулу.

Азыр бир уулду тарбиялап жаткан жаш үй-бүлө жакында наристе күтүп жатышканын, болочоктогу чүрпө кыз болоорун жарыялашты.

Калайык Гарринин энеси, автокырсыктын айынан мерт болгон Диананы падышалык үй-бүлөнүн турмушун кыйла либералдаштырган инсан катары жогору баалап, анын элесин сый-урмат менен эскерип келет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG