Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Тазалык күнү жылына эки жолу өткөрүлүп турмай болду


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мындан ары жылына эки жолу Улуттук тазалык күнү белгиленип турмай болду. Президент Садыр Жапаров 6-сентябрда кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыкка ылайык, тазалык күнү жыл сайын сентябрдын жана апрелдин үчүнчү ишембисинде өткөрүлөт.

Тийиштүү мекемелерге бул жарлыкта белгиленгендерди ишке ашыруу аракетин көрүү тапшырмасы берилди.

Жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү ишембисинде кеңири коомчулуктун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрдүн аймактарды таштандыдан тазалоо жана тазалыкты туруктуу сактоо боюнча аракеттерин бириктирүү максатында дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү” (World Cleanup Day) экологиялык акциясы өткөрүлүп келет.

Бул жарандык акциянын алкагында ишембиликтер жана түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүп, ага бардык каалоочулар катыша алат. (RK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG