Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:27

Москвада жол кырсыгына кабылгандардын экөө тең кыргызстандык болуп чыкты


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада 3-сентябрда болгон жол кырсыгы тууралуу "Азаттыкка" маалымат берди. Ага ылайык, кырсыктан теги кыргызстандык 34 жаштагы адам окуя болгон жерде мүрт кеткен. Аны коюп кеткен таксинин айдоочусу дагы 30 жаштагы кыргызстандык экени белгилүү болду.

Элчилик Орусиянын жарандыгын алган маркумдун сөөгү Кыргызстанга 5-сентябрда жөнөтүлө турганын, айдоочу камалганын кошумчалады.

Социалдык тармактарга Москва шаарынын көчөлөрүнүн биринде болгон кырсыктын видеолору тарады. Анда моноцикл менен бараткан курьерди жол чырактан өтө бериште машина сүзүп кеткенин көрүүгө болот.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

ТИМдин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга четтен 540 “Жүк-200” келген, быйыл алгачкы беш айда 292 мигранттын сөөгү мекенине жеткирилди.

Быйыл август айында эле Орусиянын аймагында ар кандай шартта каза болгон 31 кыргызстандыктын сөөгү алып келингенин Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG