Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

Подоляк Крымды бошотуу ишине байланыштуу тургундарга кайрылды


Михаил Подоляк.
Михаил Подоляк.

Орусия аннексиялап алган аймактарда жашагандар анын ичинде Крым жарым аралынын тургундары “орус аскерлеринен бошотуу” иштерине байланыштуу баш калкалай турган жайларды текшерип коюшу керек. Бул тууралуу Украинанын президенттик кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк Твиттердеги баракчасына жазып, элге кайрылды.

“Биз оккупацияланган аймактардын, анын ичинде Крым жарым аралынын тургундарын бийлик (ред: Украинанын) ал аймактарды бошотуу иш-чараларында берген сунуштарды аткарууну жана баш ийүүнү суранабыз. Азыр баш калкалай турчу жерди даярдап, жетиштүү суу камдаңыз жана уюк телефонду кубаттагычтарды алып алыңыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Подоляк Украинанын президентинин иш башкармалыгы аннексияланган Крымды кайтарып алуу учурунда тургундарды эвакуациялоо жолдорун иштеп жатканын билдирген. 23-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский Крым платформасынын саммитин ачып жатып, украин бийлиги Крымга “сөзсүз кайтып келет” деп айткан.

Акыркы жумаларда Крым менен Севастополдо дээрлик күн сайын жарылуунун үндөрү угулуп жатат. Орусия муну Украинанын учкучсуз учактарын атып түшүрүү жана абадан коргонуу системаларынын ишке киргени менен түшүндүрүүдө.

Владимир Зеленский өткөн аптада Крым жарым аралынын тургундарын Орусиянын аскердик объектилеринен алыс болууга, орус базаларына жана аскердик аэродромдоруна жакын барбоого чакырган.

Август айында Крым жарым аралындагы Орусиянын аскердик базаларында жана ага жакын аймактарда бир нече жарылуулар болгон. Москва сырттан чабуул болгонун четке каккан. Украинанын бийлиги да бул жарылууларга тиешеси бар экенин тактаган эмес.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG