Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Зеленский быйыл Европада кыш оор болорун эскертти


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия кышында европалыктарга "чечкиндүү энергетикалык сокку урууга" камданып жатканын айтты. Ал 3-сентябрдын кечиндеги видео кайрылуусунда келе жаткан кыш Европа үчүн оор болорун, бирок биримдик жана Москвага каршы санкцияларды күчөтүү менен кырдаалдан чыкса болорун белгиледи.

"Бул күндөрү Орусия Европага энергетикалык басымды мурдагыдан да көбөйтүүгө аракет кылып жатат. "Түндүк агым" кууру аркылуу газ берүүнү толук токтотту. Алар эмне үчүн муну кылып жатышат? Орусия биздин континенттеги бардык өлкөлөрдөгү ар бир европалыктардын кадыресе турмушун талкалагысы келет. Ал бүтүндөй Европаны, ар бир мамлекетти алсыратып, коркутууну көздөйт", - деди Зеленский.

2-сентябрда Орусия техникалык мүчүлүштүктөрдү жүйө кылып, "Түндүк агым 1" турбинасы аркылуу Германияга газ берүүнү белгисиз мөөнөткө токтоткон. Германиянын расмий жетекчилери жана Siemens Energy компаниясы газ куурунда эч кандай маселе жок экенин белгилеп келет.

Москва буга чейин энергия булактарын курал катары колдонбогонун билдирген.

Орусия быйыл 24-февралда Украинага басып кирген. Андан бери Украинада айыгышкан салгылашуулар токтобой келет. Жакында украин күчтөрү өлкө түштүгүндөгү аймактарды орус армиясынан бошотууну көздөгөн контрчабуулдарын баштаган.

4-сентябрга караган түнү орус күчтөрү Украинанын Николаев шаарын аткылады. Социалдык тармактардын украин сегментинде жекшемби күнү Херсон шаарындагы Антонов көпүрөсүндө жаңы жардыруулар болгону кабарланып жатат. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар ырасташа элек. Соңку апталарда орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө турган Запорожье атомдук электр станциясындагы кырдаал эл аралык коомчулукту тынчсыздандырып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG