Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

"Газпром" "Түндүк Агым" аркылуу газ берүүнү белгисиз мөөнөткө токтотту


Орусиянын мамлекеттик “Газпром” компаниясы “Түндүк агым” кууру аркылуу газ берүүнү толугу менен белгисиз мөөнөткө токтотту. Ишкана Европага көгүлтүр отунду жеткирген куурдун турбинасын тейлөөдөгү мүчүлүштүктөр аныкталганы менен түшүндүргөн.

Газ сордурган компрессордук “Портовая” станциясында Siemens компаниясы менен бирге жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө майдын герметикалык кошулмасы менен агып жатканы аныкталган.

"Trent 60 агрегатынын (№ 24) аныкталган мүчүлүштүктөрү жана аларды жоюу зарылдыгы жөнүндө кат Siemens Energy AG компаниясынын президенти жана башкы директору Кристиан Брухка жөнөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

“Газпром” компаниясы 31-августтан тарта газ компрессордук агрегатында пландык иштер башталганына байланыштуу “Түндүк агым” кууру аркылуу газ берүүнү үч күнгө толугу менен токтотконун кабарлаган. Кийин Ленинград облусундагы “Портовая” компрессордук станциясындагы турбинаны оңдоого байланыштуу 31-августтан 3-сентябрга чейин көгүлтүр от берилбей турганын тактаган.

Июль айында пландык оңдоо иштерине байланыштуу деген жүйө менен “Түндүк агым” кууру 10 күнгө толугу менен өчүрүлгөн. “Газпром” ишканасы андан кийин газ берүүнү 20% чейин азайткан. Буга “Портовая” станциясындагы экинчи Siemens турбинасын оңдоо иштери себеп болгону айтылган.

Германия менен Евробиримдик “Түндүк Агым” аркылуу газ берүүнүн азайышын согушта Украинаны колдогону үчүн Орусия Евробиримдикке басым кылып жатат деп эсептейт.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү "Түндүк агым-1" куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары "Түндүк агым-2" долбоорун курган. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Согушка чейин анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG