Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:02

Тажик бийлиги Дүйшөмбүдөгү диний китептер сатылган дүкөндөрдү жапты


Тажик бийлиги Дүйшөмбү шаарындагы диний китептерди саткан дүкөндөрдү жапты.

Дин иштери боюнча комитеттин өкүлдөрү анын себебин түшүндүргөн эмес, бирок алардын бирөө "бул убактылуу" экенин айтканын "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.

"Озоди" радиосунун кабарчылары 2-сентябрда Дүйшөмбүдөгү борбордук мечиттин жанындагы китеп саткан жайлар жабык экенин көрүшкөн.

Ал жерде 10дой чакан китеп дүкөнү жайгашкан. Сатуучулардын бири бийлик үч жумадан бери дүкөндөрүнө мөөр басып, диний китептерди сатууга уруксат бербей жатканын айткан.

Дүкөндөргө дин иштери боюнча комитеттин Диний бирикмелер башкармалыгы мөөр басып кеткен. Комитет бул боюнча расмий комментарий берген жок. Мекеменин атын атабаган өкүлү өткөн айда текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ушундай чечим кабыл алынганын билдирди.

"Азыр ошол дүкөндөрдөн алынган бир нече материалдар жана адабияттар текшерилип жатат. Дүкөндөр кайра ачылат деп ойлойм", - деген ал.

Мечиттин тегерегиндеги дүкөндөр негизинен Комитеттин уруксаты менен чыккан же чет өлкөдөн алып келинген китептерди сатышат. Азырынча кайсыл китептер текшерилип жатканы беймаалым.

Тажикстанда диний китептерге байланыштуу маселе биринчи жолу чыгып жаткан жок. Быйыл жыл башында бийлик ооган ишкерине Куран китебин өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган. Анда чиновниктер ишкер алдын ала уруксат алынбаганы менен негиздешкен.

Эл аралык укук коргоо уюмдары тажик өкмөтүн адамдардын дин тутуу эркиндигин чектеп, диний ырым-жырымдарга тоскоолдук кылып жатат деп байма-бай сындап келет. Бийлик болсо кабыл алынган чечимдерди өлкөдө экстремизмдин күчөшүнө жол бербөө үчүн маанилүү деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG