Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:51

Президенттик аппарат ЖК регламенти мыйзамы жөнүндө түшүндүрмө таратты


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президент кайра кайтарган Жогорку Кеңештин (ЖК) регламенти тууралуу мыйзам долбоору жөнүндө түшүндүрмө таратты. Султанбаев түшүндүрмөнү Фейсбуктагы баракчасында жайгаштырды.

Анда президент мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарылганы жазылат. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору мамлекет башчынын кароосуна 2022-жылы 20-июлда келген. Президенттик администрациянын түшүндүрмөсүндө, Жогорку Кеңештин регламенти жана укуктары Конституциянын жана өлкө мыйзамдары менен ишке ашарын белгилейт.

“Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды кабыл алып жаткан учурда Конституциянын жана Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынып жатканы массалык маалымат каражаттарында байма-бай жарыяланып, эксперттер ар кандай пикирлерин билдирип жатканын белгилөө зарыл”, - деп айтылат түшүндүрмөдө.

Президент мыйзам долбооруна кол коер алдында өлкөдөгү бардык бийлик бутактарына жана тийиштүү министрликтерге макулдашуу үчүн жөнөтүлгөн. Ал органдардан бир топ маанилүү сунуштар келип түшкөн. Тактап айтканда, Баш мыйзамдагы жана өлкө мыйзамдарына карама-каршылыктары аныкталган.

Президенттик аппарат карама-каршылыктардын негизгилерин санаган. Алардын бири мыйзам долбоорунда парламент Жогорку соттон жылына бир жолу отчет алуу укугу жазылган. Бул сот бийлигинин эркиндигине терс таасирин тийгизип, Баш мыйзамга каршы келет деп негизделген.

1-сентябрдагы парламент жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Исхак Масалиев президент долбоорду кайра кайтарганда бир канча жобого каршы пикирин билдиргенин айтып, аны Жогорку Кеңештин макамын төмөндөтүү катары баалаган.

Парламент “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзам долбоорун жайкы тыныгууга кетер алдында чукул карап, дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Ал Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган.

Соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрда өткөн. Жогорку Кеңештин бул чакырылышы 90 депутаттан куралган. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында 120 депутат болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG