Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Шамшиев, Жумагулов, Шеримкулов жана Дүйшеев Эл баатыры болду


Сүрөттө (солдон оңго карай): Болотбек Шамшиев, Медеткан Шеримкулов, Арстанбек Дүйшеев жана Апас Жумагулов. Коллаж.
Сүрөттө (солдон оңго карай): Болотбек Шамшиев, Медеткан Шеримкулов, Арстанбек Дүйшеев жана Апас Жумагулов. Коллаж.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кинорежиссер, сценарист Болотбек Шамшиевге, мамлекеттик ишмер, Түрк мамлекеттеринин уюмунун аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкуловго, мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловго жана советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеевге "Кыргызстандын баатыры" наамы ыйгарылды.

Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге дагы "Ак шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргызстандын баатыры" наамын берди.

Президенттин басма сөз кызматы ага бул жогорку наам "элге сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн" ыйгарылганын жазды, бирок кайсы эмгек экенин тактаган жок.

Өткөн айдын башында Камчыбек Ташиевге тиешеси бар делген "Регион" телеканалы ага Июнь коогасы маалында жасаган иштерине байланыштуу Эл баатыры наамы берилиши керектиги жөнүндө атайын сюжет даярдаган.

2010-жылы Июнь калабасы учурунда Ташиев Жалал-Абад облусунда жүргөн.

Ал Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат, өзгөчө кырдаалдар министри болгон. УКМКнын төрагасы болуп 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин дайындалган жана Садыр Жапаровдун эң жакын досу катары белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG