Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге Эл баатыры наамын ыйгарды


Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун эң жакын досу катары белгилүү.
Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун эң жакын досу катары белгилүү.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге "Ак шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргызстандын баатыры" наамын ыйгарды. Президенттин басма сөз кызматы ага бул жогорку наам элге сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн ыйгарылганын жазды, бирок кайсы эмгек экенин тактаган жок.

Өткөн айдын башында Камчыбек Ташиевге тиешеси бар делген "Регион" телеканалы ага Июнь коогасы маалында жасаган иштерине байланыштуу Эл баатыры наамы берилиши керектиги жөнүндө атайын сюжет даярдаган.

2010-жылы Июнь калабасы учурунда Ташиев Жалал-Абад облусунда жүргөн.

Ал Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат, өзгөчө кырдаалдар министри болгон. УКМКнын төрагасы болуп 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин дайындалган жана Садыр Жапаровдун эң жакын досу катары белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG