Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Кара-Көлдө жол кырсыгында жараат алган дагы бир окуучу каза болду


Ушуну менен кырсыкта төрт өкуучу каза болду. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан 15 жаштагы өспүрүмдүн бири 29-август күнү каза тапкан.

Жалал-Абадда 15-16 жаштагы үч окуучунун өмүрү кыйылган жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенип жатат. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 25-августта Кара-Көл шаарында, Ош-Бишкек автожолунда болгон.

16 жаштагы окуучу атасынын Subaru Outback үлгүсүндөгү машинасын айдап баратып жолдун бурулушунда оодарылып кеткен. Анын жанында дагы беш бала бараткан.

Төртөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жан берген. Экөөнүн абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат.

Өспүрүмдөр Кара-Көл шаарындагы №2 жана №4 мектептердин окуучулары экени аныкталды.

Быйыл алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталганын, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алганын Ички иштер министрлиги билдирген.

Былтыркы жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда 1572 жол кырсыгы катталып, 134 адам каза болгон, 2345 адам жараат алган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG