Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

Иракта имам ас-Садрдын тарапкерлери өкмөттүн имаратына кайра чабуул койду


Муктад ас-Садрдын тарапкерлери өкмөттүн имаратында. 29-август, 2022-жыл.
Муктад ас-Садрдын тарапкерлери өкмөттүн имаратында. 29-август, 2022-жыл.

Ирактагы шийи багытындагы диний лидерлеринин бири Муктад ас-Садрдын тарапкерлери дүйшөмбүдө Багдадда өкмөттүк имараттар жайгашкан кайтаруудагы "Жашыл зонага" чабуул жасап, кирип барышты. Бул тууралуу эл аралык маалымат агенттиктери кабарлады.

Ондогон кишилер имаратка кирип үлгүрдү. Калгандарын полиция сүрүп чыгарды. Кагылышууда ок атышуу болуп, кеминде эки адам өлгөнү маалымдалды. Жаракат алгандар көп. 29-август жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30да Багдадда коменданттык саат жарыяланды.

Мунун алдында имам Муктад ас-Садр саясий туңгуюктан улам саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган. Анын тарапкерлери муну бийликтин кысымы менен болду деп кабыл алып, өкмөттүк имараттарга кайрадан чабуул койду. Алар 27-30-июлдарда парламенттин имараты менен бир катар өкмөттүк имараттарды басып алышкан эле.

Муктад ас-Садр жетектеген “Садрчылар кыймылы” былтыр октябрдагы шайлоодо биринчи орунду алып, Ирактын 329 орундуу парламентинде 74 мандатка ээ болгон. Коңшу Ирандын бийлиги менен байланышкан башка партиялар аз-аздан мандат алышкан. Садр өз алдынча башкаруучу коалиция түзө албай койгондон кийин депутаттарын чакыртып алган. Ошондон бери Иракта туруктуу өкмөт жок, премьер-министр милдетин аткаруучу макамында гана келатат.

Мурдагы премьер-министр Нури аль-Малики баштаган "Координациялык түзүм" июлда экс-министр Мухаммед Шиях ас-Суданини өкмөт башчылыкка сунуштаган. Бул “Садрчылар кыймылынын” нааразылыгын тутанткан.

Муктад ас-Садрдын тарапкерлери парламентти, өкмөттү таратып, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. Алар аль-Малики менен ас-Судани Ирандын бийлигине көз каранды деп эсептешет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG