Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Баткен: соңку эки күндө эки миллион сомдук контрабанда кармалды


Баткен. Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен. Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Баткенде 27-28-август күндөрү аткезчиликке байланыштуу бир нече факт катталганын, анда жалпы суммасы эки миллион сомдук товар алынганын билдирди.

Ага ылайык, ишембиде Лейлекте чек арачылар уруксат кагазы жок аялдардын, балдардын кийимдери, таңгакталган кездеме, кыз-келиндердин буюм-тайымдары жана дары-дармек жүктөлгөн, кыргызстандык жаран айдап бараткан машина кармалган.

Жекшембиде Кадамжайда өзбек жараны беш миң литр күйүүчү май жүктөп бараткан жеринен колго түшкөн. Анын баштапкы баасы 1,9 миллион сомго жакын деп эсептелген.

Өткөн айда Кадамжай районунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын үч инспектору коррупцияга шек саналып камакка алынган. УКМК алар "башка адамдар менен бирге жүк ташыган машинанын айдоочуларынан такай акча алып турганын, анын натыйжасында Кадамжай аркылуу товарларды аткезчилик жол менен ташууга шарт түзүлгөнүн" билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Баткенде район-шаарлар ортосунда аткезчиликке каршы уюштурулган көзөмөл бекеттерден улам бир канча жолу маселе көтөрүлгөн. Анын айынан атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев менен “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров кайым айтышкан. Мадумаров бул бекеттер коррупцияга жол ачканын, дыйкан-фермерлердин түйшүгү көбөйгөнүн билдирген, Ташиев дооматты четке кагып, депутаттын өзүн күнөөлөгөн.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Мындан кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүүлөр ага каршы күрөштү күчөтүү талабын көтөрүшкөн.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG