Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Казакстан: кыргыз жарандары учураган авариядан улам кылмыш иши козголду


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. Сүрөт Казакстандын Ички иштер министрлигине таандык.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. Сүрөт Казакстандын Ички иштер министрлигине таандык.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстанда төрт кыргыз жараны жараат алган жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

“Ооруканада жаткан кыргыз жарандарынын абалы орточо оор, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу Казакстандын мамлекеттик органдары менен бирге окуянын чоо-жайын, жагдайын териштирип жатат. Ошондой эле, ооруканадагы кыргыз жарандарынын саламаттыгына байланыштуу маселе көзөмөлдө”,- деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

Кырсык 27-августта Казакстандын Түркстан облусунун Түлкүбас районуна караштуу Шапак баба айылынын тушунда, “Батыш Кытай–Батыш Европа” деп аталган автожолдун 601-чакырымында эртең мененки саат 06:40та болгон.

Баштапкы расмий маалыматка караганда, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан машина жолдон чыгып, жол боюндагы чоң арыкка кептелген.

Казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары автобус Өзбекстандан Кыргызстанды көздөй келатканын, жалпысынан 12 адам ооруканага жаткырылганын жазышты.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG