Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:30

29-августтун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

29-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 28…30 градуска жетет.

Чолпон-Атада түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 19…21° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG