Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Орусияда кыргызстандык мигрант жергиликтүү тургундун колунан каза тапты


ТИМ имараты.
ТИМ имараты.

Орусияда кыргызстандык жаран жергиликтүү тургундун колунан каза тапканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 27-августта билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 26-августка караган түнү Москванын Зеленоград административдик округундагы кафелердин биринде болгон.

Чырдаша кеткен эркектердин бири ок атып, өзү окуя болгон жерден качып кеткен. Ок жеп, каза болгон адам Кыргызстандын 33 жаштагы жараны экени аныкталды. Жараат алган дагы бир кыргызстандык ооруканада жатат.

Кылмыш иши козголуп, шектүү адам кармалды. Ал 38 жаштагы орусиялык жаран экени такталды.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

ТИМдин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга четтен 540 “Жүк-200” келген, быйыл алгачкы беш айда 292 мигранттын сөөгү жеткирилди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG