Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

DW: Германиядан башпаанек сураган орусиялыктар көбөйдү


 Германия.
Германия.

Deutsche Welle (DW) басылмасы Миграция жана качкындар боюнча федералдык кеңсеге шилтеме берип 2022-жылдын январь айынан июль айына чейин Орусиянын 1098 жараны Германиядан саясий башпаанек сурап кайрылганын билдирди. Маалымат боюнча, каралган арыздардын 11,2% саясий качкын макамы берилген.

830 орусиялык арызды Украинада согуш башталгандан кийин арыз жазган. Саясий качкын макамын алууга арыздардын эң жогорку чеги июль айына туура келет. Бул айда 192 адам кайрылган.

Ушул жылдын май айында Германиянын Ички иштер министрлиги орусиялык оппозиционерлерге, укук коргоочуларга, юристтерге, илимпоздорго, маданият ишмерлерине жана журналисттерге виза жана жашоого уруксат берүү тартибин жеңилдеткенин жарыялаган.

Аларга үй-бүлөлөрү менен Германияга келүүгө уруксат берилет. Орусия аркылуу гана эмес башка өлкөлөр менен да кире алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG