Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

“Энергоатом”: Запорожье АЭСинде электр жарыгы толугу менен өчүрүлдү


Запорожье атомдук электр станциясы.
Запорожье атомдук электр станциясы.

Украинанын “Энергоатом” компаниясы Орусиянын аскерлеринин аракетинен улам Запорожье атомдук электр станциясында тарыхта биринчи жолу электр жарыгы толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди.

Ишкананын маалыматы боюнча, 25-августта Запорожье АЭСине жакын жайгашкан Запорожье жылуулук электр борборунун күл төгүүчү жеринде чыккан өрттүн кесепетинен АЭСтин Украинанын энергетикалык системасы менен акыркы (төртүнчү) байланыш линиясы, 750 кВ аба чубалгысы үзүлгөн. Буга чейин Орусиянын аскерлеринин аткылоосунан дагы үч байланыш линиясы жабыркаган.

“Запорожье атомдук электр станциясынын иштеп жаткан эки энергоблогу электр тармактарынан ажыратылды. Ошентип, баскынчылардын аракеттери Запорожье АЭСинин электр тармагынан толук ажыратылышына алып келди, бул станциянын тарыхында биринчи жолу болду”, - деп айтылат маалыматта.

Август айынын башында “Энергоатом” ишканасы АЭСке болгон чабуулдан улам Запорожье атомдук электр станциясындагы үч блоктун бири өчүрүлгөнүн билдирген.

Ага чейин соккулардын бири жогорку чыңалуудагы электр зымдарынын бирине тийген. Кийинчерээк компания “Луч” электр станциясы талкаланып, алты кичи район жарыксыз калганын кабарлаган.

Украин бийлиги, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Орусияны АЭСтен аскерлерин алып чыгып кетүүгө чакырып жатышат.

Запорожье атомдук электр станциясы орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны Украинанын кызматкерлери иштетет. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткылоого кабылып, кырсык болот деген коркунуч жаралды. Аткылоо үчүн Украина менен Орусия бири-бирин айыптап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG