Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:04

Орусиядагы кырсыкка жүк ташуучу автоунаанын айдоочусунун жүрөк оорусу себеп болгону айтылды


Кырсык болгон жер. Орусиянын Ульяновск облусу.
Кырсык болгон жер. Орусиянын Ульяновск облусу.

Орусиядагы жол кырсыгына оор жүк тарткан машиненин айдоочусунун каргашага чейин каза болгону себепкер болгон.

Бул тууралуу Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев маркумдардын сөөгүн жакындарына тапшырып жатып билдирди.

Министрдин айтымында маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн барган топ жеринде Орусиянын ӨКМнин Ульяновск облустук башкармалыгынын башчысы менен жолугушуп, ал жердеги тергөө ишинин алдын ала жыйынтыктары менен таанышкан. Жол кырсыгына себепчи болгон жүк тарткан унаанын айдоочусу кырсыкка чейин жүрөгү токтоп калганы аныкталган.

24-августта Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгон Баткен жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилет. Маркумдардын сөөгү 23-августта атайын учак менен Орусиядан алып келинген.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта катталган ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, төртөө Жалал-Абад, бешөө Ош облусунун тургундары.

Каза болгондордун жакындарына президенттик фонддон 300 миң сомдон жардам берилди. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG