Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Эрдоган: Орусия Крым жарым аралын мыйзамсыз басып алган


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын Крым жарым аралын басып алуусу мыйзамсыз экенин жана Конституцияга каршы келерин билдирди. Бул тууралуу ал Украинада согуш болуп жатканына байланыштуу быйыл онлайн өткөн “Крым платформасы” саммитинде айтканын Крым.Реалии сайты жазды.

“Биз Крымдын басып алынышын мыйзамсыз жана Конституцияга каршы келет деп эсептейбиз. Бул биздин укуктук жана моралдык жактан алганда да принципиалдуу позициябыз. Эл аралык мыйзамдар Крымды Украинага кайтарып берүүнү талап кылат. Бул бүткүл аймак жана дүйнөдөгү коопсуздук үчүн өтө маанилүү”.

Режеп Тайып Эрдоган Түркия Крымдагы крым татарларынын тынч жашоого болгон аракетине колдоо көрсөтүүнү уланта берерин кошумчалады.

“Крым платформасы” саммити биринчи жолу былтыр 23-августта өткөн. Бул саммитти уюштуруу демилгесин Украина көтөргөн. Анын эң башкы максаты - аннексияланган Крым жарым аралын Украинага кайтаруу.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG