Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Стокгольмдо полиция концертте табылган бомбаны зыянсыздандырды


Швециянын полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Швециянын полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Швециянын полициясы борбор Стокгольмдо ачык асман алдында өтүп жаткан маданий фестивалда табылган жарылуучу затты зыянсыздарды. Бул тууралуу полиция 22-августта кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жарылуучу зат жекшемби күнү борбордук паркта табылган. Бул күнү мында майрамдап жүргөн жүздөгөн жарандар эвакуацияланган.

Полиция факт боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. Алар видео камераларды карап, затты алып келген шектүүнү издеп жатышат.

Стокгольмдогу борбордук паркта 17-августтан 21-августка чейин маданий фестивалдын алкагында концерттер өтүп жаткан. Жекшемби күнү анда теги ирандык поп ырчысы Эбрагим Хамеди ырдаган.

Эби деген лакап ат менен жүргөн маданий ырчы өз өлкөсүнөн качып чыккан саясий диссидент. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG