Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:46

Казакстанда дизель майы чет элдиктерге кымбатыраак сатыла турган болду


Казакстандагы май куюучу жайлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Казакстандагы май куюучу жайлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

22-августтан тартып Казакстандын Энергетика министрлигинин чек аралаш аймактарда дизелдик майдын чекене баасынын жогорку чегин киргизүү тууралуу буйругу күчүнө кирди. Министрлик бул чараны күйүүчү майдын аталган түрүнүн дефицитин алдын алуу менен түшүндүрдү.

Буйрукка ылайык, Казакстандын башка өлкөлөр менен чектешкен облустарында дизель бөлөк аймактарга салыштырмалуу кымбаттатылды. Калган облустарда нарк мурдагыдай сакталат. Буйрук 2023-жылдын 9-январына чейин жарактуу.

Маалыматта айтылгандай, дизелди казакстандыктар аймактардын шартына жараша 230–260 теңгеден (39-45 сом) сатып ала алышат. Ал эми чет элдиктерге бул майдын литри 450 теңгеден (76 сом) сатылат.

Мындан сырткары дизелдик отунду сатууга чек да коюлду. Казакстандын жарандары жеңил автоунаасы болсо, суткасына 100 литрге чейин, жүк ташуучу автоунаасы болсо 300 литрге чейин сатып алууга укугу болот. Чектен ашкандан кийин жергиликтүүлөр дагы чет элдиктер сыяктуу жогору баа менен төлөшү керек. Чет элдиктерге лимит белгиленген эмес, бирок алар дизелди жогоруда көрсөтүлгөндөй кымбат сатып алышат.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлагандай, өткөн аптада бир катар аймактардагы май куюучу жайлар дизелдик отунду сатууда чектөө киргизишкен. Айрым станцияларда аны талондор менен бир колго 50 литрден гана сата башташкан.

Казакстандын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү өлкөдөгү дизелдик отунга байланыштуу жагдайды комментарийлеп жатып, чек аралаш аймактарда баанын төмөндүгүнөн аны чет элдиктер көп көлөмдө сатып кетип жатышканын, натыйжада дефицит жаралып жатканын билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG