Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:50

ӨКМ көчкү коркунучу бар 44 жерде кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзөт


Өзгөн. 2-май, 2017-жыл.
Өзгөн. 2-май, 2017-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдөгү жер көчкү жүрүү коркунучу бар 44 аймакта топуракты атайын түшүрүп, табигый кырсыктын алдын алуу иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен жасала турган долбоордун жалпы суммасы 39 миллион АКШ долларын түзөт. Тандалып алынган аймактарды атайын адистер изилдеп, андан кийин иш башталат. Табигый кырсыкты алдын алуунун мындай ыкмасы өлкөдө алгачкы жолу жасалып жатат.

Өлкөдө адам өлүмү менен коштолгон табигый кырсыктар бир нече жолу катталган. 2003-жылы Өзгөндө жер көчкү бир айылды басып калып, 40 адам набыт болгон. 2009-жылы Аксыда жүргөн жер көчкүдө Райкомол айылынын 16 тургуну набыт болгон, анын 11и балдар болчу.

2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы жети үйдү басып, 24 киши топурак алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган.

Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана алардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад облустарына туура келет. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 22 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен өлкө боюнча 2731 турак үй, 46 социалдык объект, 242 чакырым автоунаа жолу, 38 ички чарбалык көпүрө, 1 605 гектар айдоо аянты, 52 чакырым сугат арыгы, 46 чакырым сел агуучу канал, 16 жеңил автоунаа жабыркаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG