Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Европа орусиялыктардын көпчүлүгүнө качкын макамын берүүдөн баш тарткан


Акыркы он жылдын ичинде Европа өлкөлөрү баш калка сурап кайрылган орусиялыктардын 77 пайызынын арызын канааттандырган эмес. Бул тууралуу “Если быть точным” долбоорунун чогулткан материалында айтылат.

2012-жылдан бери Европа мамлекеттеринен баш калка сураган 153 миң орус жаранынын 35 миңи качкын макамын алган. Юристтер мындай кайрылууларды карап чыгуу көптөгөн жылдарды талап кыларын белгилешет.

10 жылда 54 миң орусиялык Германиядан баш калка сурап кайрылса, анын 90%, Францияга кайрылган 42 миң орусиялыктын 76 пайызынын арызы канааттандырылган эмес. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG